Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

«Жеңеке»: Таластык А.Бекетаева жолдошун узун чачы менен сүйдүргөн (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Маданият айылында 1964-жылы төрөлгөн Акбары Бекетаева учурда 5 баланын бактылуу энеси. Ал бала кезинен тартып чачына кайчы тийгизбей өстүрүп, узун чачы менен көпчүлүктүн назарын буруп келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Апамдын чачы узун болуп, көптөр кызыгышчу. Ал менин чачымды да кыркпай өстүрдү. Чачым калың болгондуктан айран менен жууп, эки чач кылып өрүп койчу. Узун чачыма азыркыга чейин көпчүлүк адамдар суктанып келишет. Кичинекей кезимде калың чачты жууп тарагандан кыйналчумун.

17 жашымда узун чачыма ашык болгон жолдошум 1981-жылы Кызыл-Чарба айылына ала качып кеткен. Узун чачым менен жолдошумду өзүмө сүйдүрүп алгам», - деди ал.

А.Бекетаева учурда узун чачын бир өрүм кылып артка таштап коет.

«Балалуу болгондон кийин чачым суюлуп, эки өрүм чач бир өрүм болуп калды. Азыр бир өрүм кылып артка таштап коем. Кыздарым, неберелерим чачымды кармалап көрүшүп, сүрөткө тартып кетишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1433
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×