Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Талас

«Мекендештер»: Түштүк Кореядагы университет кыргызстандык Жаңылга окуудагы жетишкендиги үчүн 40% жеңилдик берди (фото)

Turmush -  Кыргызстандык Жаңыл Кыштакбек кызы учурда Түштүк Кореянын Тэджон шаарындагы университетте билим алып жатат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Мекендешибиз Жаңыл Кыштакбек кызы Талас районуна караштуу Манас айылында жарык дүйнөгө келген. Ошол эле айылдагы Ак-Сай мектебин аяктаган. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жогорку окуу жайдан билим алган эмес. Мындан улам, кыска мөөнөттөгү дизайнердик курстарды бүтүрүп, Бишкек шаарында эмгектенип келген. Жумуш менен бирге тил үйрөнүп жүрүп, 2015-жылы август айында Кореяга жогорку окуу жайга документтерин тапшырган. Көп өтпөй ал жерден университетке кабыл алынганы тууралуу кат келип, 2016-жылдын март айында Кореяга сапар алган.

«Бала кезимден эле чет өлкөдөгү окуу жайларда окусам деген максатым бар болчу. Буюрса ойлогон максатым орундалып, Кореядагы университеттин даярдоо курсунда окуп жатам. 2017-жылы сентябрь айынан баштап кесибим боюнча, тактап айтканда соода-сатык жана бизнес тармагы боюнча окуп баштайм. Бул кесип менен өз өлкөмдө жаңы ачылыштарды жасайм», - деди Жаңыл.

Жаңыл Кыштакбек кызы Кореядагы окуусу үчүн 5 миң доллар төлөйт. Бирок, окуудагы жетишкендиги үчүн бул төлөмдүн 40%ы кыскартылган.

«Мен бул жакта 4 жыл окуйм. Бул жыл аралыгында Кореянын маданиятын, каада-салтын үйрөнүп калам деп ойлойм», - деди ал.

Мекендешибиз үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1394
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×