При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык мугалим Д.Өмүрзакова короосундагы малинадан 2 күн сайын 25 кг салмакта түшүм алат (фото)

Turmush -  Талас районунун Жон-Арык айылынын 41 жаштагы тургуну Динара Өмүрзакова 3 жыл мурун малина тигип, учурда анын мөмөсүн сатып киреше таап жатат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Биринчи жолу жолдошум Күн-Туудан Чүйдүн малинасы деп көчөт алып келди. Аны 15 сотых жерге отургузганбыз. Жаз келгенде тамырынан чыккан бир жылдык көчөтүн алып, кайра отургузуп көбөйтүп жатабыз. Балдарыбыз менен маал-маалы менен чаап, чөптөрдөн арылтып турабыз. Анын түшүмү багуудан көз каранды болот. Негизи түшүмдүүлүгү жакшы. 10 күндө бир жолу сугарылат. Июль айынан баштап 2 күн сайын кар жааганча чейин териле баштайт. Былтыркы жыл жаанчыл болгондуктан түшүм аз болду. Эки күн сайын 25 кг малина алып жаттык. Башында 1 кг малина 150 сомдон бааланып, аягы 100 сомдон сатылды. Келечекте ушул малинабызды көбөйтсөк деген максатыбыз бар», - деди ал.

Динара Өмүрзакова малинадан тышкары кулпунай да өстүрөт.

«Мен мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенем. Жолдошум экөөбүз 3 кыз, 2 уулду тарбиялап жатабыз», - деди мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 444
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×