При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Үч-Коргондогу жаңы мектептин курулуш иштери токтоду (фото)

Turmush -  Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Малаев атындагы орто мектебинин имараты 1928-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Быйыл бул мектептин имаратынын эскилиги жетип, ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин эмгек жамааты билдиришти.

Маалым болгондой, мектептин шыбы, полдору толугу менен эскирип, кышкысын жылытуу системасы да жакшы иштебей калган. Класстык бөлмөлөрү аз, коридорлору өтө тар болгон мектеп 80 балага ылайыкташканына карабастан, 245 окуучу билим алууда.

Мектептин бул абалын көргөн жергиликтүү бийлик тарабынан мамлекеттик түрткү берүүчү грантка долбоор жазылып, натыйжада жаңы мектептин имаратын куруу үчүн 45 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мектеп 150 орундуу болуп курулуп баштаган.

Курулуш иштерин жүргүзүүгө жооптуу Аттокур Раманкуловдун айтымында, жаңы мектептин пайдубалы курулуп башталганда эле анын астынан суу чыгып, тиешелүү адистер тарабынан териштирүү иштери жүргөн. Бул маселе толугу менен чечилмейинче имараттын курулушу токтотулду.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев курулуп жаткан мектеп менен таанышып чыгып, тиешелүү адистер менен сүйлөшүп, бул маселе толугу менен чечилгенден кийин курулуш иштери улантылышы керектигин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 613
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу