При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Айыл турмушу: Жаш акын Гүлбахира таластык жазмакерлер менен бирге «Ала-Тоо жазы - 2017» сынагында 80 миң сом утуп алды (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын 19 жаштагы тургуну Гүлбахира Маккамбай кызы ыр жазып, райондук, облустук жана республикалык сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Маккамбай кызы Гүлбахира 1997-жылы Көк-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. 2016-жылы А.Токтокожоев атындагы Көк-Сай орто мектебин аяктап, Талас мамлекеттик университетинен география адистигин окуп баштаган.

«Мектепте окуп жүргөндө эле колума калем алып, кагаз бетине ырларымды түшүрчүмүн. Ошондой эле, мектеп жана район аралык өткөн маданий иш-чараларда алып баруучулук милдетти аткарып, ар кандай сынактарга катышчумун. Көркөм окуу боюнча райондук сынакта 2-орунду, немис тили боюнча райондук олимпиадада 2-орунду, баскетбол боюнча курама команда менен ойноп 2-орунду жана окуудагы жетишкендигим үчүн А.Токтокожоев атындагы стипендия алууга жетишкем», - деди ал.

Гүлбахира акындык өнөрдү өнүктүрүү максатында мектеп ичинде «Жаш акын» сынагын өткөрүп, жазмакерлердин башын бириктирген.

«Студент болгон күндөн тартып чоң акындар менен байланышып, чыгармачылыктын чыйыр жолуна түштүм. Жакында эле Бишкек шаарында өткөн "Ала-Тоо жазы - 2017" сынагында биздин окуу жайдын студенттери 2-орунду ээлеп, 80 миң сом байге менен келдик.

Ата-эне, мекен жана сезим сырлары темасындагы ырларды көп жазам. Келечекте акындык өнөрдү таптап, окуумду ийгиликтүү бүтүп, өз кесибим менен иштесем деген максатым бар», - деди Гүлбахира.

Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусу. Атасы Жумашев Маккамбай мал чарбасы жана дыйканчылык менен алектенет. Апасы Жумашева Динара үй кожейкеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 571
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×