Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Жаш талант: 16 жаштагы К.Кеншербаев эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону болду (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Чарба айылынын 16 жаштагы тургуну Канат Кеншербаев эркин күрөш менен эки жылдан бери машыгып келет. Ал Кыргызстандагы мелдештерге гана эмес, чет өлкөдөгү чемпионаттарга катышып, ийгилик жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Канат Кеншербаев Бакай-Ата районунун Кызыл-Чарба айылында 2001-жылы туулган.

«Мен күрөшкө 7-классымдан баштап катышып баштагам. 14 жашымда машыктыруучу агайым Келсинбек Кыралиевдин колуна баргам. Учурда 55 кг салмак менен мелдештерге түшүп жатам. 2016-жылы Кыргызстандын эки жолку чемпиону болуп, өспүрүмдөр арасында өткөн Азия чемпионатына жолдомо алып, катышып келдим. Жыйырмадан ашык медалдарым, диплом жана грамоталарым бар», - деди жаш спортчу.

Ал күнүгө кечинде залга барып, 2 саат машыгып турат.

«Эркин күрөштөн тышкары жеңил атлетикага кызыгам. Келечекте мыкты спортчулардын катарын толуктасам деген тилегим бар», - деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 868
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×