Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Айыл турмушу: 57 жаштагы Р.Качкынбаева совет доорунан кийин каттама менен ишкерликти баштаган (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 57 жаштагы тургуну Рыскүл Качкынбаева биринчилерден болуп Таласта самсы, пирожки, каттама сатып киреше таба баштаган. Ал азыркы учурда да ушул иш менен алектенип келет. Кардарлар аны «Каттама» деп атап алышкан. Ашпозчу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өзүм тамактануучу жайда ашпозчу болуп иштегем. 1990-жылдары пирожки, самсы, куймак жасап сата баштагам. Ушул иш менен бүгүнкү күнгө чейин алектенип, балдарымды чоңойттум десем болот. Мени менен бирге иштеген кыздар ашпозчулукту үйрөнүп, кийин жеке ишкер болуп кетишти. Учурда орозого карата каттама жасап жатам. Кардарлардын көпчүлүгү ооз ачканга деп ушул тамакка буйрутма берип жатышат.

Биринчи жолу каттама жасаган күн эсимден кетпейт. 2006-жылы пирожки жасап жатып картошкасы түгөнүп, камыры артып калды. Ал камыр менен апам үйрөткөн каттаманы жасап койдум. Аны сызгырылган май менен жасап, баасын 15 сомдон бааладым. Андан соң, каймак менен жасап 50 сомдон сата баштадым. 12 даана каттамага 4 кг ун, 400 гр каймак керектелет. Камырды каттап жасагандан кийин какшып ысыган казанга майсыз бышырып алам. Себеби, камыр көтөрүлүп, нык болбойт. Андан кийин майга бышырам. Көпчүлүк кардарлар атымдан айтпай «Каттама» деп чакырышат», - деди ал.

Ашпозчу тамак жасоодон тышкары ырдап, бийлет. Учурда анын 1 кыз, 1 уул жана 8 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×