При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Ак-дөбөлүк 22 жаштагы Бекбото өргөн ат жабдыктардын топтому 30 миң сомго сатылат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылынын 22 жаштагы тургуну Бекбото Аскарбек уулу атасынын өнөрүн улап, ат жабдыктарын жасоо менен алек. Ал өргөн жүгөндөр 30 миң сомго чейин сатылат. Анын эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

«Атам чоң уста болчу. 6-классымдан тарта жанына алып, жүгөн, камчы өргөндү үйрөттү. Учурда жүгөн, камчы, басмайыл өрөм. Кайыштан өрүлгөн жүгөндү 4,5 миң сомго, камчыны 600 сомго баалап, аларды өрүү үчүн 2 күн убакыт сарптайм. Ага керектүү кайыштын 1 кг Бишкек шаарынан 650 сомдон сатып келем. 1 жүгөн жасоо үчүн 5 кг кайыш сарпталса, 1,5 кг кайыш менен 50 камчы өрөм»,- деди Бекбото.

Буга чейин жүгөн, басмайыл жана камчыны топтому менен Ош шаарынан келген кардарына 30 миң сомго саткан.

Анын атасы ат жабдыктарын жасоо менен 25 жыл алектенгенин апасы Туратбүбү Шүкүралиева кошумчалады. «Уулум атасынын жолун жолдоп, атасынан калган өнөрдү аркалап келет. Баламдын жумушу кыш мезгилинде күчөйт. Ал учурда үй-бүлөбүз менен жардам беребиз», - деди Т.Шүкүралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 696
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу