При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

«Мекендештер»: Сулуулар сынагынын уюштуруучусу У.Мадымарова Түркияда эмгектенип жатат (фото)

Turmush -  Уулболсун Мадымарова эки жылдан бери Түркия өлкөсүндө май сатуучу дүкөндө эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мекендешибиз У.Мадымарова 1998-жылы Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө сулуулар сынагына катышып, маданий иш-чараларда алып баруучу болуп өзүн ар тараптан сынап жүргөн. Ошондой эле, Бакай-Ата районундагы айылдардын арасында сулуулар сынагын уюштурган. 2014-жылы Бакай-Ата районундагы окуучулар арасында «Эң мыкты алып баруучу» наамын алган.

9-классты аяктаганда Талас шаарындагы кесиптик окуу жайга өтүп, активдүү студенттердин катарын толуктаган. Кайрымдуулук иш-чараларын жана тазалык акцияларын да уюштуруп турчу.

«Студенттик жашоону үй-бүлөлүк шартка байланыштуу чет өлкөдөгү жумушка алмаштырдык. Азыркы учурда бир тууган эжем менен чогуу бир дүкөндө эмгектенип жатам. Алыс жердин жашоосу өтө татаал. Түркиянын кооздугу, тазалыгы өзүнө тартканы менен биздин жерге жетпейт», - деди У.Мадымарова.

Ал 5 бир тууган. Анын жакындары ысымын Уулболсун деп атагандан кийин инилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 559
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×