При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

«Мекендештер»: Математика боюнча эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү Ж.Жээнбаев Кореяда 500 доллар стипендия алып окуп жатат (фото)

Turmush -  Манас районунун Кайнар айылында төрөлгөн 18 жаштагы Жанатбек Жээнбаев учурда Кореяда жогорку билим алып жатат. Ал Талас шаарындагы «Манас ата» себат балдар лицейин окуп жатып, Кореядан окуу мүмкүнчүлүгүн алган. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды жеңүү менен чет мамлекеттерден билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

«Мен математика сабагына абдан кызыгам. Бул сабак боюнча көптөгөн сынактарга катыштым. 2016-жылы Кореянын Ульсан шаарындагы университеттин математика бөлүмүнө тапшыргам. Мен окуган окуу жай жаңы ачылыштарды коомчулукка тартуулап турушат. Өтө күчтүү университет. Кыргызстандагы окуу жайларга караганда билим берүү сапаты кыйла эле алдыда турат. Жылына ченелүү гана кыргыз окуучуларына бекер билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ай сайын 500 доллар стипендия алып турабыз. Окуу жайда ар улуттун өкүлдөрү окушат. Бош убактыбызда алар менен жолугуп, шаардын кооз жерлерине жана эс алуу борборлоруна барып келебиз.

Мен бул окууга келгенден бери кыргыздын улуу эл экенин билдирип, ак калпакты башымдан түшүрбөй кийип жүрөм. Ульсан шаарынын тургундары биздин улуттук кийимдерибизге суктанып келишет. Мени ушундай даражага жеткирген апам Нурила Садыровага ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Жанатбек окуусун 4 жылдан кийин аяктайт.

«Окууну аяктаганда Кыргызстанга барып, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга салым кошсом деген максатым бар», - деди ал.

Мекендешибиз үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1072
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу