Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык Э.Үмөтов 210 миң сомго 2 кабаттуу жыгач үйлөрдү курат (фото)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын тургуну Эмил Үмөтов 10 жылдан бери жыгачтан үй куруу менен алектенет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, акыркы 5 жыл аралыгында гана өз ишинин жемишин көрүп баштады. Устачылык тажрыйбасында АРИС тарабынан бөлүнгөн 210 миң сомго башталгыч класстын окуучулары билим алуучу мектепти курган. Көпчүлүк элеттиктер мынча каражатка мектеп куруу мүмкүн эмес деп ишенишкен эмес. Тургузуп жаткан үйлөргө жыгач, өрттөн коргоочу жана жылуулукту кармап туруучу курулуш каражаттары керектелет. Мындай жол менен үй куруунун негизги артыкчылыктары — каражаттын үнөмдөлүшү жана турак жайдын тез аралыкта тургузулушу. Учурда 2 кабаттуу жыгач үйлөр 180-210 миң сомго чейин курулат. Азыркы убакытка чейин жыгачтан 80ден ашык үй курду.

«2 кабаттуу үйдү толук тургузуу үчүн 2-3 жума гана керектелет. Үйдүн пайдубалы тургузулгандан кийин ал үйдүн ээсинин каалоосуна жараша сыртын кирпичтен, шыбак менен же жаңы заманбап курулуш каражаттары менен жапса болот», - деди ал.

Учурда жалпы Кыргызстан боюнча буйрутмаларды алууда. Азыр даярдап жаткан үйдүн пайдубалы Бишкек шаарына жөнөтүлөт. Аны менен бирге 10го жакын айыл тургундары эмгектенет.

Жумушчу А.Шамбеталиевдин айтымында, айлык акылары буйрутмаларга жана аткарылган иштин ыкчамдуулугуна жараша болот. Учурда Арал айылында 10дон ашык турак жай ушундай ыкма менен курулса, жалпысынан республика боюнча 70тен ашык үйдү курууга жетишишкен.

Куруучулардын айтымында, жыгачтын ортосу айнектин майдаланган пахтасынан жасалган каражат менен жылуулангандыктан өрт чыгып кетүү коркунучун алдын алат жана жер титирөөлөргө мындай ыкма менен курулган турак жайлар туруктуу болот. Курулуш каражаттар борбор калаадан алынып келет. Керектелүүчү жыгачтарды айылдан алып, ушул эле айылдагы жыгач тилүүчү цех менен келишимдин негизинде иштешет.

10×10 аянтагы үйгө 8 куб жыгач керектелет. Анын кубу тилинбегени 2000 сом, тилинген даяры 5000 сом. Жалпы жыгачына 40 миң сом керектелсе, жыгачтын ортосуна салынуучу жылуулагычтар, изовер менен пенопласт 30 миң сомго алынат. 40 миң сом жумушчулар үчүн (анын ичинде сендвичти жасоо, жасалган сендвичти пайдубалга орнотуу), 10 миң сом мык жана башка керектүү каражаттар үчүн.

Үй куруудагы чыгымдар:

- 40 миң сом даяр терек үчүн (эгер карагайдан жасалса 70 миң сом);

- 30 миң сом жылуулоо үчүн;

- 40 миң сом усталарга эмгек акы;

- 10 миң сом мык жана башка каражаттар;

Жалпы 120 миң сом. 2 кабаттуу үй болсо 180-210 миң сомдун айланасында чыгым болот.

Ал эми, үйдүн чатырын жабуу, жасалган сендвичти алып кетүү, ичи-тышын шыбоо өзүнчө каражатты талап кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2810
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×