Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 22.06.2017 12:36

Быйыл Таластагы университетте 627 студент адистик алды

Turmush -  2016-2017-окуу жылында Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультети, технология-экономика жана табият таануу факультеттеринен жалпы 627студент адистик алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас мамлекеттик университетинин кадрлар бөлүмүнөн билдиришти.

Башталгыч класстардын мугалими адистигин — 119 студент, айыл чарба адистигин - 9 студент, информатика адистигин — 48 студент, мамлекеттик муниципалдык кызмат адистигин — 19 студент, география адистигин — 8 студент, кыргыз тил адистигин — 29 студент, англис тили адистигин — 15 студент, тарых адистигин — 34 студент, коопсуз жол кыймылын уюштуруу адистигин — 17 студент, электр камсыздоо адистигин — 29 студент, өндүрүштөгү башкаруу экономикасы боюнча — 50 студент, бухгалтердик эсеп жана аудит адистигин — 126 бүтүрүүчү алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×