Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 27.06.2017 13:07

Талас шаарында ар бир сатуучу күнүнө 100 литрден кем эмес кымыз сатат

Turmush -  Таластык Анара Рахматалидиева 12 жылдан бери кымыз сатуу менен алектенет. Аймактык кабарчы сатуучу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кымызды Чоң-Чычкан жайлоосунда отурукташкан 3 үй-бүлө менен келишим түзүп алып келет. Бул жылы жаз мезгили кеч келгенине байланыштуу кымыз сезону жылдагыга салыштырмалуу кечирээк башталды. Башында 1 литр кымыз 150 сомдон болуп жатса, учурда 60-70 сомдон сатылууда. Бул жерде сатылып жаткан кымыздардын баары бир жерден эмес, ар бири ар кайсы жайлоонун кымызы.

Ал эми, Күкүн Бөрүкеева 4 жылдан бери кымыз сатат. Кымызды Беш-Таш жайлоосунан алдырат.
Учурда бир күндө ар бир сатуучу 100-150 литрге чейин кымыз сатууга жетишүүдө. Кымыз сатуу сезону октябрь айында токтойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×