Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуКара-Буура району 27.06.2017 15:06

Тоодон кармалган суурдун этинен кара тумоо жугат

Turmush -  Кара-Буура районунда кара тумоого каршы күрөшүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, бул дарт көпчүлүк учурда тоо жаныбарларынан, тактап айтканда суур сымал кемирүүчү жандыктардан жугат. Андыктан тоодон суур атып, анын терисин сыйрып, этин жеп, майын дарылыкка пайдаланган туура эмес. Кара тумоону жуктурган адамдын дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүп, бети албырып ысып, денесинде бездер чочуй баштайт.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Талас облусундагы координатору Жакып Айдаровдун айтымында, Таласта бул ооруга чалдыгуу кооптуулугу күч болгон аймактарда жарандарды ар жылы эмдөөдөн өткөрүү иштери жүргүзүлүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×