Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 28.06.2017 14:06

Таласта өкмөт өкүлүнүн басма сөз катчысы М.Суранчиев ардакдуу эс алууга чыкты

Turmush -  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматында эмгектенген Мухаммеджан Суранчиев ардактуу эс алууга узатылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Аны ардактуу эс алууга узатуу салтанатына облус жетекчилери, кесиптештери катышып, ак калпак, чепкен кийгизишти.

Мухаммеджан Суранчиев мамлекеттик кызматта 40 жылдан ашуун иштеген. Анын 25 жылын басма сөз кызматына арнаган. 25 жыл аралыгында 12 губернатор, 5 министр жана 1 биринчи вице-премьер-министрдин басма сөз катчысы болгон.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматында эми Бакай Садыров эмгектенип баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×