Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 29.06.2017 17:53

Таласта жалпысынан кан тапшырган 120 донор бар

Turmush -  Бүгүн, 29-июнда Таласта кайтарымсыз кан тапшырууну жайылтуу максатында тегерек стол өттү. Бул тууралуу Кызыл ай коомунун кайтарымсыз кан тапшыруу долбоорунун аймактык өкүлү Гүлипа Шаршенова билдирди.

Анын айтымында, тегерек столго облустук администрациядан, медицина тармагынын өкүлдөрү катышып, кан тапшырууну аймакта жайылтуу, элге туура маалымат жеткирип, туура кан тапшыруу маселелери талкууланды.

Учурда Талас аймагында жалпысынан кан тапшырган 120 донор бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×