При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: 22 жаштагы Рамазан айылындагы маданият үйүндө жетекчи болуп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Манас айылынын 22 жаштагы тургуну Кубатбек уулу Рамазан айылдагы маданият үйдүн жетекчиси. Аймактык кабарчы жаш жетекчи менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичине кезинен бери эле ырдайт.

«Көп сынактарга мектептин атынан чыгып жүрдүм. Ырдоо менен эле чектелип калбастан ыр жазууга, киного тартылууга аракет кылып жүрдүм. 10-классымда Талас облусунун атынан «Жаш талант» фестивалына катышып, 1-орунга ээ болуп, жогорку окуу жайга жолдомо алгам. Мектепти аяктап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайга тапшырып, ал жакта 1 эле жыл окудум. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу окууну улантууга мүмкүн болбоду. Айылга келдим. Ошентип жайкы эс алууда жүргөндө киного тартылуу боюнча кастингге катышып, «Чек ара» тасмасына тартылмай болдук. Сынакта 60 баланын арасынан 3 баланы тандап алды. Анын арасында мен да бар элем. Кызыктуу күндөрдү өткөрдүм.

Азыркы учурда бир жагынан тамада, ырчылык менен алектенем. Экинчи жагынан өзүмдүн айылымдын маданият үйүнүн башчысымын. Келечекте элге кереги тийген адам болгум келет», - деди ал.

Жаш жетекчи үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 468
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу