Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 06.07.2017 16:15

КСДП партиясынын съездине катышууга Талас облусунан 29 делегат шайланды

Turmush -  КСДП партиясынын XVI съездине катышууга Талас облусунан 29 делегат шайланды. Бул тууралуу КСДП партиясынын Талас шаарындагы катчысы Эркинбек Камчыбеков билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-июль күнү Талас облусунда КСДП партиясынын жыйыны өттү. Анда ар бир райондон элдин санына жараша делегаттар тандалып алынды. Талас районунан 7 делегат, Бакай-Ата районунан 6 делегат, Кара-Буура районунан 6 делегат, Манас районунан 5 делегат тандалды.

Талас шаарынан шайланган 5 делегаттын ысымдары:

- Сүйүнтбеков Айбек — партиянын облустук координаторунун орун басары;

- Багышбеков Бузурман — партиянын Талас облусундагы кординатору;

- Токтогулова Раушан — шаардык кеңештин депутаты;

- Камчыбеков Эркинбек — партиянын Талас шаарындагы катчысы:

- Курманбаева Сулайка — партиянын ардагери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×