При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык Ж.Анарбаев чоң атасынын керээзи менен 20 миң сомдук комуздарды чабууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кичи-Кара-Буура айылынын 52 жаштагы тургуну Жамбыл Анарбаев 27 жылдан бери оюу түшүрүлгөн комуздарды чаап, 20 миң сомго чейин сатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, устачылыкты чоң атасынан үйрөнгөн.

«Комузду 25 жашымдан бери чаап келем. Чоң атам Ашыралы ат жабдыктарын жасап, комуз чапкан киши болгондуктан, мен кол кабыш кылып жүрүп устачылыкты үйрөнгөм. Аскерден келсем чоң атам каза болуп калыптыр. «Ишимди Жамбыл неберем улантсын» деп жабдыктарын аманат кылып калтырган экен. Чоң атамдын ыкмасы менен устачылык кыла баштадым.

Негизи комузду өрүк менен жаңгактан чабам. Өрүктөн сомдолгон комуздар бекем, сапаттуу, ошол эле учурда кымбат болот. Чаап бүткөн соң көптөр акиташка чайкашат. Мен ал ыкманы колдонбойм. Акиташ комузду күйгүзүп, өтө кызыл кылып коет. Мен сууга кайнатам, кайнатканда чайыры чыгып, мен күткөн өң келет. Андан соң өзүмдүн темир калемим менен комузга оюм түшүрөм. Балдарым дагы ата жолун жолдоп, кол кабыш кылып, бул өнөрдү үйрөнүп жатышат», - деди ал.

Уста жубайы Анаркан Шекербекова экөө 4 уул, 1 кыз, 6 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 759
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу