Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 20.07.2017 12:21

Таласта быйыл экспорттун көлөмү азайды, - облус жетекчилиги

Turmush -  Быйыл Талас облусунда экспорттун көлөмү 575,1 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 926,4 млн сомго азайды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казбек Медетбеков билдирди.

Анын айтымында, экспорттун азайып кетишине төө буурчактын аз экспорттолушу себеп болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 14,5 млн долларга 29,2 миң тонна төө буурчак экспортко чыгарылса, бул жылы 8,1 млн долларга 10,2 миң тонна төө буурчак экспорттолгон. Быйыл 54 миң 836 гектар жерге төө буурчак эгилген.

Таласта негизинен төө буурчак менен жашылча-жемиштер экспортко чыгат. Экспорттук өнөктөштөр болуп Түркия, Болгария, Македония, Сербия, Россия, Казакстан саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×