Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Айыл турмушу: Таластык дыйкан Р.Боронбаев 30 сотых жеринен 10 тонна таттуу калемпир алат (фото)

Turmush -  Манас районунун Жийде айылынын 47 жаштагы тургуну Рысбек Боронбаев жылына таттуу калемпир өстүрүп, 10 тоннадан түшүм алат. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1992-жылдан бери дыйканчылык кылып келет.

«30 сотых жерге калемпир тигем. Булардын уругун март айында сээп, өскөн көчөттү май айында бир түптөн тигип чыгабыз. Көп эмгекти талап кылгандыктан күнүнө киши жалдап, 500 сомдон акы төлөп берип тиктирип, чаптырабыз. Бул калемпирлер 3 жолу чабылып, 1 жолу отолот жана 6 күндө бир сугарылып турат. 30 сотых жерден орточо эсеп менен 10 тонна калемпир алып, 1 кг 10 сомдон 12 сомго чейин сатабыз. Түшүмдү август айынын орточо ченинде терип, Казакстанга жөнөтөбүз», - деди ал.

Дыйкан жубайы экөө 3 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 925
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×