При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

«Жеңеке» : Айнура жеңе жаңы келин болгондо кайын энесинин сөздөрүнө түшүнбөй, жолдошу «тилмеч» болгон (фото)

Turmush -  Таласка келин болгон Боронбаева Айнура жеңе кайын энеси айткан сөздөрдү түшүнбөй жолдошу «тилмеч» болчу. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Анын айтымында, Чүй облусунун Кемин районунда чоңойгон. Кийин Манас районунун Жийде айылына келин болгон. Жолдошу Рысбек Боронбаевди катуу сүйүп, турмушка чыккан.

«Мен техникумда окучумун. Жолдошум менден 1 курс жогору болчу. Ал ачык, шайыр жигит. Мен ошол мүнөзүн баалап, сүйүп калдым. Ал убакта жатаканада жашагандыктан терезедеги пардага баланын атын жазып, өзүмчө кыялдана берчүмүн.

Бир күнү жолдошум киного чакырып, бирге бардык. Ошол киного кирип кайра чыкканча сүйлөбөй келгем. Ошондо аябай катуу сүйүп турган учурум экен. Ал эми, туулган күнүмдө менин үйүмө барды. Ошондо жолдошум "мени сүйгөн адамдын үйүнө күйөө бала болоюн" деп үйдүн ичине ырымдап таш ыргытып кетиптир. Аны кийин айтып берген. 1990-жылы ата-энемдин алдынан өтүп, мени алып келишти», - деди ал.

Айнура жеңе жаңы келин болуп келгенде өсүп турган тамекилерди көрүп, капуста деп ойлогон.

«Жаңы келгенде кайын энем эшиктин астына тамеки эгип коюптур. Мен "эмне үчүн мынча көп капуста тиккен?" деп үйдөгүлөрдү күлдүргөм. Алгач кайын энемдин сөздөрүнө жакшы түшүнбөй көп кыйналдым. Ал убакта жолдошум сөздөрдү түшүндүрүп берип жүрдү.

Бир күнү кайын энем тамак жасап жатып, "сатилди алып келчи" деп калды. Мен ал нерсени таппай, жолдошумдан "сатил деген эмне?" деп сурасам, мискейди көрсөттү», - деди ал.

45 жаштагы Айнура жеңе учурда 2 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1490
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу