При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Манастык М.Кылычбаев 15 миң долларлык таза кандуу жылкыларды багат (фото)

Turmush -  Манас районунун Арал айылынын 51 жаштагы тургуну Миталип Кылычбаев 15 миң долларлык таза кандуу жылкыларды багат. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинесинен эле жылкы багып, ат чаап чоңойгон.

«Өзүм 1995-жылдан бери совхоздон алган таза кандуу тайды таптап, 3 жашынан баштап байгеге чаап, жалаң алдыңкы орундарды алып жүрдүм. Кийин ал картайган маалда 2004-жылы казактар тукум алабыз деп, 2000 долларга сатып кетишкен. Азыркы асыл тукум жылкыларымды алгач 1000 долларга сатып алып көбөйткөм. Азыркы учурда 10 баштан ашык асыл тукум бээ жана кулундар бар. Бээлерди жаз алды менен саап, сүтүн өзүбүз ичип, артканын кулундарына беребиз. Буларга 4 маал чөп, 1 маал жем беребиз. Чөп менен жемдер өзүбүздөн чыгат. Көбүнчө казактар келип алып кетүүдө. Учурда жылкылардын баасы 15 миң долларды түзөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 558
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу