При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Кара-бууралык Жакшылык ата зергерчиликти токтотуп, багбанчылык кылууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылындагы 74 жаштагы зергер Дооронбек уулу Жакшылык ата азыр багбанчылык менен киреше табууда. Аймактык кабарчы багбан ата менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, зергерчилик менен 31 жыл иштеген.

«Зергерчиликти бир аймакты тейлеп турган Бейшеналы Курманкул уулу, Төрөкул деген агаларымдан үйрөнгөм. Экөө тең учурунда бир устатка шакирт болушкан экен. Алар 18-кылымдын технологиясы менен зер буюмдарды жасашкан. Мен дагы алардан таасирленип, бир жолу аракет кылып көрөйүн дедим. Эгер шыгым бар болсо биринчи Төрөкул устатка барайын, эгер шыгым болбосо анда бул ишти токтотоюн деп чечип, акыры 1973-жылы бардым. Ал өзү сүрдүү, аңчы, мүнүшкөр киши эле. Барганда эле шыгымды көрдү да «балам ушул убакытка чейин эмнеге келген жоксуң? Менин көзүм кайтып калды, сенин көрөңгөң бар экен. Биз жасаган буюмдарды көрүп отуруп эле улап кетесиң» деди. Ошондон кийин зергерчилик менен алектенип, көптөгөн кароо-сынактарга бардым. Азыр менин да көзүм кайтып калды. Акыркы жылдары жасабай калдым», - деди ал.

Зергерчилик ишин токтоткондон кийин багбанчылык менен алектене баштаган.

«Зергерчилик менен эле токтолбостон багбанчылык менен да алектенем. Азыр 2 гектар жерге алма тигип, учурда ошол бак менен алекмин. Көбүнчө жанат, стаканчик сортундагы алмалар тигилген. Баткен өрүгү, бадам, шабдаалы, жүзүм жана башка өсүмдүктөр да бар. Алмадан жылына 250 миң сомго чейин киреше табабыз», - деди ал.

Зергер-багбан жубайы Анарбү Дооронбекова экөө 3 кыз, 2 уулду өстүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 481
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу