Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Фото - Балыкчыда оорукана курган ишкер М.Исагалиев Таластагы ооруканага реанимобиль алып берди

Turmush -  Бүгүн, 26-июлда Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасына жеке ишкер Мирлан Исагалиев тарабынан Германиядан алынган реанимобиль тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мирлан Исагалиевдин айтымында, бул жардам эч кандай саясий көз карашты билдирбейт.

«Менин жакындарым ооруганда кыргыз медицинасынын техникалык абалы жетишсиз экенин көрүп, жардам берүүнү көздөп келгем. Эми ал кыялдарга жетип жатам. Буга чейин Балыкчыда гемодиализ борборун салдык. Тоң райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жардам кылдым. Эми Таласка жардам берүүнү көздөп, аракетин көрдүм. Бул жасаган ишимдин бары ата-энемдин сообуна багышталат. Элге жардам берсем, көңүлүм жазылып кубанып калам», - деди ал.

Буга чейин да аталган ооруканага жеңил автоунаа реанимобиль келген.

«Ал унаа эне-баланы дарылоого пайдаланылып келген. Эми бул унаа менен Бишкек шаарына бейтаптарды жеткирүү кыйындыкка турбайт», - деди оорукананын жетекчиси Ш.Жумашалиев.

Унааны тапшыруу аземине ишкер өзү, облус жетекчилери, дарыгерлер катышты.

Буга чейин Turmush басылмасы март айында Балыкчы шаарында гемодиализ борбору ачылгандыгын кабарлаган. Анын курулушуна Балыкчы шаарынын тургуну Мирлан Исагалиев 10 млн сом которгон.

М.Исагалиев билдиргендей, борборду ата-энесинин урматына курууну чечкен. Жаңы борбордо 5 гемодиализ аппараты, сууну тазалоочу система, 5 сыналгы, муздаткычтар орнотулган.

Балыкчы шаардык ооруканасынын башкы дарыгеринин айтымында, шаар боюнча гемодиализге муктаж 18 адам бар. Борбор эми жакынкы райондордун тургундарына да жардам көрсөтө алат. Уролог дарыгерлер бир айлык окуудан өтүшкөн. Борбордун ачылышы менен анда 2 дарыгер жана 5 медайым иштеп баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1184
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Coalitioner
17:58, 26 июля 2017
Мирлан байке молодец! Чон рахмат!
Көп окулду
×