Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Айыл турмушу: Жумгалдык Г.Жумалиева Таласка келип, гүл өстүргөн 1,5 млн сомдук күнөскана курдурду (фото)

Turmush -  Жумгалдык 54 жаштагы Гүлжамал Жумалиева Таласка келип, гүл өстүргөн 1,5 млн сомдук күнөскана иштетүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, гүлдөрдү 17 жылдан бери өстүрүп келет.

«1980-жылдары Чүй облусунун Сокулук районуна отурукташып калдык. 17 жыл мурун Новопавловка айылынан үй сатып алганымда күнөскана бар экен. Күнөсканада гүл өстүрүп баштадым. Гүлгө кичинемден жакын болгонум үчүн жагып калды. Биринчи жылы жоогазын өстүрүп, экинчи жылы гүлдүн түрүн көбөйтүп отуруп, туруктуу ишке айланттым. Гүлдөрүмдү облустарга сатыкка алып чыкканда Таласта гүлдөргө көбүрөөк суроо-талап болорун байкадым. Сунуштар менен 2 жыл мурун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылына келдим. Айыл өкмөт тарабынан 19 сотых жер алып, 1,5 млн сомго гүл өстүрүүчү биринчи күнөскананы курдук. Күнөсканамда 5 кишини жумуш менен камсыздадым. Анда көп жылдык, 1 жылдык, үй гүлдөрүнүн 50дөн ашык түрү өсөт. Гүлдөрүн эң кымбаты 70-80 сомдон сатылат. Ал эми, сапаты күнөскананын топурагынан көз каранды болот.

Тайжорго деген жерден майлуу топурак сатып алып, Россиядан келген кошулмаларды кошобуз. Жылкынын таза кыгын төшөйм. 2 жылдын ичинде тапкан каражаттын барын ушул күнөсканага жумшап, гүлдү көбөйтүү менен алекпиз. Гүлдөр назик мамилени талап кылган өсүмдүк. Келечекте бул ишти улантып, аймактагы жумушсуз адамдар үчүн жумуш ордун түзкүм келет», - деди ал.

Ишкер айым 2 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 969
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×