Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 01.08.2017 13:50

Талас облусунун прокурору болуп Г.Кашкарова дайындылды

Turmush -  Талас облусунун прокурору болуп Гүлмира Кашкарова дайындылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, облустун прокурору Нурбек Курманакунов менен биринчи орун басары Бакыт Калыгул уулу кызматынан четтетилди.

Гүлмира Кашкарованын өмүр таржымалы:

1971-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 эжеси, 2 иниси бар. Мектепти медаль менен аяктап, кийин Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде билим алган (1993-жыл).

1993-1994-жылдары Нарын облустук прокуратурасында иштеген. 2013-2015-жылдары Баткен облусунун прокурорунун орун басары болгон.

Жолдошу Финансы полициясында иштеген. Кийин Кытайда соода өкүлү болуп, азыр энергетика тармагында эмгектенүүдө. Алардын 5 баласы бар.

20.08.1971ж Кашкарова
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×