Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Баткендин Таластагы маданият күнүндө 3D баштык, сувенирлер алынып келди

Turmush -  Баткен облусунун Талас облусунда өткөн маданият күнүндөгү көргөзмөгө лейлектик 56 жаштагы Уриниса Абдырахманова жүндөн токулган 3D баштык, сувенирлерди алып келди. Чебер айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, жүндү ийрибей сыртына чыгарып, 3D сувенир, сумкаларды токуйт.

«Өзүм Лейлек районунун Булак-Башы айылынын тургунумун. Килем токууну кичинемден үйрөнгөм. Жалпы үй-бүлөбүз менен килем токуйбуз. Кыздарымды турмушка узаткан соң учурда үйдө 2 келиним менен килем токуп калдык. 1 килемди жасоо үчүн 15 күндөн ашык убакыт кетип, 25 миң сомго чейин сатылат.

Ал эми, аялдар асынуучу баштыктар 1 жумада даяр болуп, 1000 сомдон сатылат. Элдин буйрутмасы менен унааларга салынуучу, жүндөн токулган килемчелерди көп жасап жатабыз. Аларды жасоо үчүн 15 күндөн ашык убакыт кетип, 5 миң сомдон жогору сатылат.

Негизи килем жасоо процесси абдан оор. Ар бир жиби эсептелип токулат. Жолдошум сүрөтчү, ал оюм түшүрүп берет. Биз ошого жараша ылайыктап токуйбуз. Окутууларга катышуу менен сапаттуу, боексуз килем жасоонун ыкмасын үйрөнүп, ушул менен үй-бүлөбүздү багабыз. Менин иштеримдин башкалардан айырмасы жүндү ийрибей, боекко салбай, 3D форматындагы буюмдарды даярдайм», - деди ал.

Чебер айым жолдошу экөө 7 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 663
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×