Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Эгиздер: Таластык Асан менен Үсөндү кээде ата-энеси да айырмалай албай калат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Наматбек айылында жашаган 18 жаштагы эгиздер Асан менен Үсөн Сүйүтбековду көптөр айырмалай алышпайт. Эгиздер менен аймактык кабарчы таанышты.

Үсөндүн айтымында, алар өтө окшош болгондуктан тааныштары көп учурда адаштырып алышат.

«Апамдын айтуусу боюнча мен Асандан 3 мүнөттөн кийин жарыкка келген экем. Жаңы төрөлгөндө Асандын салмагы 1 кг 900 грамм болсо, мен 2 кг 100 грамм болуптурмун. Экөөбүздү көргөндөр «абдан окшошсуңар» дешет. Мектепте 1-класстан бери окуткан мугалимдер да айырмалай алышпайт. Аркабызды салып сүйлөсөк ата-энебиз дагы айырмалай албай калышат. Окшоштугубузду колдонуп, мектепке сабакка даярданып барганыбыз экөөбүзгө тең жооп берип, бири-бирибизди куткарган күндөр болгон. Экөөбүз үй тапшырмаларын чогуу аткарчубуз. 11-классты бүткөнчө экөөбүз бир адамдай эле бир китеп алып окудук. Апам 1-классыбызда сүрөтчү экөөбүздү айырмалай албай, бирөөбүздү 2 жолу тартып кеткенин айтып калат. 11-класста дагы мектептеги эң мыктылардын бурчуна бирибиздин атыбыз жазылып, сүрөтүбүз алмашып калган. Кичине кезибизде өзүбүз менен тең тууганыбыз үйгө келип, алар отурган бөлмөгө улам бирибиз кирип, кайра чыгып, кээде экөөбүз кирип калып жатсак апасына «апа, эмнеге мен бирөө, бул экөө» деп ыйлаганы эсимде.

Бири-бирибизден алыста болсок бир нерсе жетишпеген сыяктуу болуп, сагынуу болот. Бирибиз ооруп калсак, 1-2 күн аралыгында экинчибиз ооруйбуз. Мисалы Асан Бишкекте жүрүп ичи катуу ооруп, ооруканага түшүп калды. Эртеси менин дагы ичим катуу ооруп, ооруканага жаткам. Үйдөгүлөр да көнүп калышкан. Бирөөбүз ооруп баштасак эле, экинчибизге алдын ала дары бере беришет. Үйдө тамак үстүндө отурганда «силерди эгиз кыздарга үйлөнтөбүз» деп тамашалап  калышат. Буйруп калса эгиз кыздарга үйлөнгүбүз келет.

Экөөбүз тең медициналык окуу жайдан билим алып жатабыз. Келечекте айылыбызга тиш дарылоочу жай ачып, мыкты дарыгер болууну каалайбыз», - деди ал.

Асан менен Үсөн 5 бир туугандын эң кенжелери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1999
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×