Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: А.Боронбаева черри сортундагы помидор өстүрүп, 1 кг 100 сомдон сатууда (фото)

Turmush -  Манас районунун Жийде айылынын 45 жаштагы тургуну Айнура Боронбаева черри сортундагы помидор өстүрүп, 1 кг 100 сомдон сатат. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, дыйканчылыкты кайын энесинен үйрөнгөн.

«Мен өзүм Чүйдүн кызымын. Жолдошум экөөбүз 25 жылдан бери дыйканчылык кылабыз. Кайын энем иштерман адам болчу. Мен талаа жумуштарын кылып көрбөгөндүктөн кайын энем жанына алып жүрүп үйрөттү.

Черри помидорун өстүрүп жатканыма 2 жыл болду. Мунун уругун базардан көрүп сатып алып, көбөйтүп өстүрө баштагам. Учурда 5 сотых жерге өстүрүп жатам. Кадимки помидордой кылып эле карайм. 10 күндө бир 20-30 кг түшүм терип турам. Сезон учурунда коңшу казак эли ресторандарга деп 1 кг 100 сомдон алып кетишет. Бул помидорлор ресторандарда көп колдонулат», - деди ал.

Дыйкан айым 3 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 918
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×