Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Бейшеке айыл өкмөтү «Эң мыкты айыл өкмөт» аталып 1,5 млн сом утту

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Бейшеке айыл өкмөтү 2016-жылдын «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамын жеңип, 1,5 млн сом байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бейшеке өкмөтүнүн башчысы Бакыт Умарбеков билдирди.

«Былтыркы жылы биздин Бейшеке айыл өкмөтү республикалык деңгээлде «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына татыган. 26-июнь күнү 1,5 млн акчалай сыйлык тапшырылды. Айылыбызга 2016-жылдын жыйынтыгында 56 млн сом инвестиция кирген. Айыл өкмөттүн бюджети — 6 млн 800 миң сом. Жалпы калктын саны — 5676 адам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 955
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×