При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Фото - С.Рехард Ак-Дөбө айылында 70 жыл мурда казган кудук азыр да кызмат кылууда

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында 70 жыл мурда казылган кудук азыр да кызмат кылып жатат. Бул тууралуу жергиликтүүлөр Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдашты.

Кудуктун ээси Самудин Эсенамановдун айтымында, аны немис улутундагы Сиглер Рехард деген адам каздырган.

«Мен бул кудукту кичинекей кезимден эле билем. Кудуктун айылга суу берип турганына 70 жылдай болуп калды. Айылда Сиглер Рехард деген немис киши жашачу. Ошол адам кудукту казып чыккан. Таза суу чыксын деп 7 метр чуңкур казып, кайра бетондогон. Бул кудуктан айыл тургундары суу менен камсыз болду. Кийин ал Германияга көчүп кетти. Мен бул үйгө 1994-жылы көчүп келдим. Кудукту малдан коргоп, четин тосуп койгом. 4 жыл мурун санэпидемстанция текшерип, кудукту дезинфекциялап кеткен. Алар суу таза деп аныкташкан. 7 метрлик кудукту 1,5 жыл мурун дагы 1 метрдей казып бетондоп чыктым», - деди ал.

Самудин Эсенаманов 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 379
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу