Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Талас

Айыл турмушу: 96 жаштагы Токтобүбү апа чөбөрөлөрүн бешикке бөлөп багууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 96 жаштагы тургуну Сейиталиева Токтобүбү апа чөбөрөлөрүн бешикке бөлөп багат. Аймактык кабарчы баатыр энеден кабар алды.

Токтобүбү апа Бакай-Ата айлындагы эң улуу адам. Жаңы баш кошкондон кийин эле жолдошу Жумалы Чолдонов ата согушка аттанган.

«1941-жылы ушул жерге келин болуп келгем. Турмушка чыккандан кийин 3 айдан соң жолдошум фронтко кетти. Мен кайын агам менен абысынымдын колунда калдым. Ошол күндөн тарта колхоздо ашпозчу да, сугатчы да болуп, айтор бардык жумушта иштедим.

Жолдошум 1948-жылы 5-апрелде кайтып келди. 1949-1966-жылдары 17 баланын ата-энеси болдук. 6 кыз, 7 уулум аман-эсен чоңоюшту. Жолдошум каза болуп калды. Улуу балам Абдыманап 70 жашка чыкты. Азыр кичүү уулумдун неберелерин багып отурам. Бардык балдарымды, неберелеримди, чөбөрөлөрүмдү бешикке бөлөп, келиндериме каралашам. Кудайым балдарыма, эл-журтка тынчтык, бакубатчылык, ынтымак берсин», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1508
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×