Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

«Жеңеке»: Назгүл жеңе кайын журтуна шекердин ордуна туз кошуп булочка жасап берген (фото)

Turmush -  Таластык 27 жаштагы Шерматова Назгүл жеңе жаңы келин болгондо кайын журтуна шекердин ордуна туз кошуп булочка жасап берген. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Анын айтымында, Талас районунун Каракол айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча ашпозчу.

«Окуумду аяктап, шаарда иштечүмүн. Эжемдин үйүнө конокко келип, жолдошум Чыңгыз менен таанышып калгам. Жолдошум устачылык кылып, эжемдин үйүндө иштеп жүргөн экен. 5 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Эртең шаарга кетем дегенимде түндө Чыңгыз телефон чалып, «сүйүнчү эжекең төрөптүр, ооруканага барып келели» деп үйдүн алып чыкты. Ошентип Талас районунун Кара-Ой айылына келин болдум.

Бир күнү үйдөгүлөр «эртең туугандар келет, коңшу жеңени чакырып, булочка жасаталы» десе «мен жасаганды билем» деп талашып алгам. Булочканы даярдап жатып, таттуу болсун деп шекерин көбүрөөк кошком. Көрсө, шекер менен тузду алмаштырып алыптырмын. Эртеси туугандар «булочканы ким жасады?» деп сурап, кайын энем «Назгүл келиним» десе бардыгы мени карап калышты. Жакшы болгон окшойт деп ичимден кубанып алгам. Кишилер кеткенде жолдошум келип, «жасаганыңды жеп көрчү» деп жегизгенде гана ачуу болуп калганын билдим. Кайын журтум азыр да «баягыдай булочка качан жейбиз?» деп тамашалап калышат», - деди ал.

Назгүл жеңе жолдошу экөө 2 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1687
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×