Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Жаш манасчы Азиз 14 жашында түшүнөн аян алып, улуу өнөрдүн ээси болгон (фото)

Turmush -  Таластык 21 жаштагы Азиз Биймырза уулу 14 жашында аян түш көрүп, «Манас» эпосунан үзүндү айта баштаган. Манасчы менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1996-жылы 16-сентябрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир тууган, атасы — Биймырза Кушубаков, апасы — Зульфия Асанова. Чоң атасы Аскармамыт Кушубаков учурда 91 жашта.

2003-жылы Кең-Арал айылындагы А.Арстанов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын босогосун аттап, 2009-2013-жылдар аралыгында тереңдетилген билим алуу максатында Талас шаарындагы «Манас Ата – Себат» кыргыз-түрк балдар лицейинде окуган. Орто билимди кайрадан айылындагы А.Арстанов атындагы орто мектебинен улантып, аны 2014-жылы артыкчылык аттестаты менен бүтүргөн. Ошондой эле, Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин Манас таануу мектебинин бүтүрүүчүсү. Учурда Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филология факультетинин студенти. Кыргыз, түрк тилдеринде эркин сүйлөй алат. 2015-жылдын аягынан бери телеканалда алып баруучу жана Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында манасчы болуп эмгектенип келет.

Манасчылыкка жаштайынан дитин коюп, ынтаасын берип чоңойгон Азиз, манасчылык өнөрканасын бардык жаратман манасчылар сыяктуу эле кереметтүү түш көрүү менен баштаган. Азиз өзү алакчын уруусунун кубатбек уругунан болот.

«14 жашымда эң алгачкы дааруулар башталды. Түш жоруп, баатырлар дүйнөсүнө эки ирет кезиктим. Менимче булар манасчылыкка болгон жолдомо болду окшойт. Биринчиси, түшүмдө ак жана кара кийимчен эле кишилерди көрөм, чочуйм. Мени ээрчип келе жаткандай эле туюлат. Ошол кезде "Манас" эпосунан үзүндүнү жаттап айтып жүрчүмүн. Мен мурда деле, кийин деле манасчылар менен көп аралашкан эмесмин. Бирок, манасчылардын дээрлик бардыгынан таасирленчүмүн. Манасчылар мен үчүн башка адамдар болчу. Түшүм да чоң таасир берди. Айтор чочуганда "Манас" эпосунан үзүндү айтып жүрө бердим. Баягы ак-кара кийим кийинген аксакалдар, атчандар көзүмө көрүнө баштады. Жан дүйнөм тынч албайт. Акыры манасчы керек болду, эмнегедир манасчыга жолуккум келди. Устатым болсо деп жүрдүм. Жайкы саратанда касиеттүү Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексине зыярат кылып, Шаабай, Кааба өңдүү залкарлардын батасын алып, үлгүсүн аздектеп жүргөн манасчы Камил Мамадалиев менен жолугуп, өзүмдөгү болгон окуяны айтып бердим. Ал мени ээрчитип салттуу манасчылыкка мүнөздүү болгон иш-аракеттерди үйрөттү. Ошондон бери устат-шакирттик улуу, салттуу жолдоп келе жатабыз», - деди А.Биймырза уулу.

Азиз манасчылыктын аркасы менен Талас шаарындагы «Манас Ордо» комплексинде түнөп калган учурлары болгон.

«Күндөрдүн биринде "Манас Ордосуна" түнөп калдык. Түн жарымында кырк чоронун арасына барып "Манас" эпосунан үзүндү айтмакчы болдук. Айтып жатабыз, бир убакта атчандар каптаган калың кол келди. Силерге калп, мага чын мен батышты карап күпүлдөп жаткам, чыгыштан келди. Ошондо менин артымдагы роза гүлдөрдүн тырс-тырс этип сынып жаткандары бүгүнкү күнгө чейин кулагымда. Өзүм коркуп эки жагымды карап сак-сак айтып жатам. Кайдан-жайдан маңдайымды карай калсам кадимки Айкөл Манас атабыздын эстелиги тирилгендей болуп, ак нурга бөлөнүп устатым экөөбүздү көздөй түшүп келе жатат. Андай жарык, андай нур дүйнөдө кездешпейт. Кийин залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевди көрдүм. Мен ал залкарды көзү тирүүсүндө көргөн эмесмин, кадимкидей эле ээрчишип жүрдүк. Шам намазын чогуу окудук, атам имам болду, мен уюдум. Куптан убагы келгенче ыйлап бата берди. Бул түшүм болду. Негизинен бул жолго түшкөн өнөрпоздун турмушунда мындай окуялар көп эле кездешет экен. Байма-бай эле түш, туюм, сезимге салынган учурлар болот», - деди жаш манасчы.

Азиз Биймырза уулу — классикалык түрдөгү манасчылардын улантуучусу, азыркы салттуу жаратман манасчылардын бири. Азиздин манасчылыкты аркалап калышына эң алгачкы устаты, манасчы Ашырбүбү Шаелдаева себеп болгон. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш манасчы устаты Камил Мамадалиевден башка заманыбыздын залкарлары Сапарбек Касмамбетов, Назаркул Сейдрахманов, Кубанычбек Алмабеков, Салимбай Турсунбаев, Алимбай Маатов, Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замир Баялиев, Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев өңдүү манасчылардын колуна суу куюп, саймедиретип санжыргалуу санат башы «Манас» эпосунан үзүндү айтып, ак баталарын алып, улуу көчтү улап келет.

Азиз жаш болгонуна карабай улуу өнөр менен Казакстан, Кытай, Россия, Түркия, Индия өңдүү мамлекеттерде Манас дүйнөсүн даңазалап, бир катар сыйлыктардын ээси жана фестивалдардын катышуучусу болууга жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1803
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×