Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Таластагы базарда акча уурдоо менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалды

Turmush -  Таластагы базарда акча уурдоо менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, августтун башында милицияга жергиликтүү 4 тургун кайрылып, базардан акчаларын уурдатканын билдиришкен. Биринчи кайрылган аял товар сатып жатып алаксып кетип, 21 миң 800 сом салынган баштыгын уурдаткандыгын билдирген. Бир нече сааттан кийин дагы бир аял кайрылып, 20 миң 600 сому салынган баштыгын уурдатканын айткан. Көп өтпөй дагы 2 адам кайрылган. Жабырлануучулар жалпы 85 миң сомго жакын зыян тартышты.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 4 адамдан турган топ кармалды. Кармалгандардын бардыгы Талас районунун Талды-Булак айылынын тургундары. Аталган фактылар боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1072
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×