При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Эгиздер: Эгиздин түгөйү Нияз эгизден 8 баланын атасы болууну максат кылууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 27 жаштагы тургуну, эгиздин түгөйү Кадырбек уулу Нияз жубайы Кымбат экөө эгиз уулдары — Хасейин менен Хусейинди тарбиялап жатышат. Аймактык кабарчы алардын үй-бүлөсүнөн кабар алды.

Анын айтымында, өзүнүн түгөйү Кыяз экөөнүн келбети көп окшошпойт.

«Эгизим Кыяз экөөбүз үй-бүлөдө кенже уулдарбыз. Кыяз улуу болгондуктан ал биринчи үйлөндү. 1 жылдан кийин биз баш коштук. Мен Кыязга, жубайына да "сен" деп кайрылам. Келинчегим "аке, жеңе" деп тергеп айтат. Экөөбүздү эгиздер деп эч ким кабыл алчу эмес. Сырткы келбетибиз, мүнөздөрүбүздө айырма чоң болчу. Учурда Кыяз жубайы экөө 2 баланы ата-энеси. Буйруса үй-бүлөсү толуктоо күтүп жатышат», - деди ал.

Каарманыбыз өзүнүн эгиз уулдары бири-бирине абдан окшош экенин кошумчалады.

«Мен мектепте окуп жүргөндө эле тамашалап, "мен эгизден 8 баланын атасы болом" деп айта берген адатым бар эле. Жаштын тилегин берет дегендей, 2015-жылы 10-июнда эгиз уулдуу болдук. Биз үчүн эгиз уулдарыбыз чоң белек болду. Кеңешип, Хасейин жана Хусейин деген ысым бердик. Экөө бири-бирине абдан окшош. Биз өзүбүз мүнөздөрүнөн айырмалап тааныйбыз. Үйгө келгендер биринин атын бирине айтып, эркелете беришет.

Жубайым Ысык-Көлдүн кызы. Экөөбүз тарапта тең эгиздер көп экен. Үй-бүлөбүзгө дагы толуктоо күтүп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 456
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:37,   14.08.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу