Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Сатыкей — Талас каттамындагы коомдук унаалар кайрадан каттай баштады

Turmush -  Акыркы 2 жылдан бери токтоп калган Сатыкей — Талас каттамындагы коомдук унаалар кайрадан каттай баштады. Бул тууралуу Талас аймактык автотранспорт башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 жыл мурда каттам жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам токтогон. Айыл жашоочулары кичи автобустарга түшпөй, жеке таксилер аркылуу катташчу. Бирок, айыл тургундары муршруттук унааларды кайрадан жүргүзүү суранычы менен Талас облусунун жетекчилигине кайрылышкан.

«Сатыкей — Талас каттамындагы маршрутту кайрадан жүргүздүк. Бирок, азырынча бир маал гана жүргүзөбүз. Эгерде жүргүнчүлөр көбөйсө, 1 күндө 2 маал жүргүзүүгө аракет кылабыз», - деди башкармалыктын башкы инспектору Канай Керимбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 502
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×