При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык Т.Айылчиев Сталиндин убагындагы унааны азыр да айдап жүрөт (фото)

Turmush -  Талас районунун Кум-Арык айылынын тургуну Төлөнбай Айылчиев 1947-жылы чыгарылган «Москвич-400» үлгүсүндөгү унааны азыркыга чейин айдап жүрөт. Аймактык кабарчы айдоочудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, мындан башка 1 комбайн, советтик 2 унаасы бар. Аны СССР тараганда көчүп кетип жаткан орус адамдан сатып алган. Анын бардык тетиктери өзүнүкү. Ылдамдыгы саатына 100 км. «Москвич-400» унаасын көргөндөр сатууну сунушташат. 

«Мен бардык ишке кесипкөй мамиле кылууну колдойм. Саясатчы саясат менен, техник техника менен болушу керек. Азыр бизде бардык адамдар саясатчы, эколог, ветеринар, керек болсо гинеколог да болуп алышты. Мен техникага гана кызыгам. Бардык ишке дилетанттык кылбай кесипкөй мамиле кылсак биз өнүккөн мамлекет болот элек», - деди ал.

Айдоочу 5 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 627
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу