Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Нарын

Жумгалдыктар иш күндөрү эскертүүсүз жарыкты өчүргөн электр тармактар ишканасына нааразы

Turmush -  Жумгалдыктар иш күндөрү эртеден кечке эскертүүсүз электр жарыгын өчүргөн райондук электр тармактар ишканасынын жана «Чыгыш электр» ЖАКтын ишине нааразы болушууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бүгүн, 9-августта таңкы саат 06:00дө өчкөн электр жарыгы кечки саат 19:00гө чейин жок боло турганын көпчүлүк тургундар менен мамлекеттик кызматкерлери билишкен эмес. Соода жана тамактануу жайларындагы, мекемелердеги иштер электр жарыгысыз токтоп калды. Ошондой эле, банк кызматтары токтотулган.

Айыл активисти Жаркынай Сураганова иш күндөрү өчүрүлгөн электр жарыгы үчүн электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине, жетекчилерине нааразы болду.

«Дайыма иш күндөрү Жумгалда электр жок. Көп мекемеде иш токтоп калат, кызматкерлерге эч кандай эскертүүлөр берилген эмес. Эми 3 күн бою өчөт экен. Эс алуу күндөрү электр тармагында иштегендер эмне эс алышабы? Дайыма эле шаршемби, бейшемби же жума күндөрү өчүп калат. Эмне десең эле оңдоп жатабыз дешет», - деди Ж.Сураганова.

Жумгал райондук электр тармактар ишканасы Кочкор, Жумгал району боюнча пландык өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу экендигин айтып, 3 күн бою электр жарыгы жок боло турганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 878
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
moison
11:18, 10 августа 2017
Өз билемдик да негизи, болбосо элди ойлошсо кана. Ошончо магазиндеги муздаткычтагы товарлар эмне болду олдуго ээрип. Иштери жок мекеме кызматкерлер орундарында жок 3 күн эс алууга барышат да)
Нет аватара
moison
11:07, 10 августа 2017
Акмактар да электриктер эс алуу кундору бухайтетишет да. Дайыма ушу жумгалда, окмот баарын системалаштырып, компьютерлештирип койгон жада калса справка ала албай калганбыз, зарыл иш кагаздарды алып бутуро албай калдык. Бет деген болуш керек да Чыгыш электр ЖАК
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×