Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Талас

Эгиздер: Айжан менен Гүлжан төрөлгөндө 1 айдан кийин ыйлашкан (фото)

Turmush -  Талас районунун Беш-Таш айылында жашаган эгиздер Айжан менен Гүлжан Кыштообаева ара төрөлүп, 1 айдан кийин ыйлаганга жарашкан. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Эгиздердин апасы Анара Муратованын айтымында, кыздары 8 айлык болуп төрөлүшкөн.

«Кичине кезимде «Зита жана Гита» тасмасын жакшы көрчүмүн. Аны көрүү үчүн кошуналардын жүнүн тытып берчүмүн. Ошондо эле эгиз кыздуу болууну каалачумун.

Айжан менен Гүлжан 2008-жылы 10-ноябрда төрөлдү. Салмактары 1 кг 400 гр болгон. Алар 5 бир туугандын үчүнчүсү. 8 айлык болуп төрөлгөнүнө байланыштуу аларды багуу өтө кыйын болду. Биринчи айда үндөрү кичине эле чыкчу. 1 айдан өтүп ыйлап, бизди абдан сүйүнтүшкөн. Жаңы төрөлгөндө шымдарына №1, №2 деп жазып коюшуптур. Алмаштырып албайын деп шымдарынын жазуусун жуубай жүрдүм. Кийимдерин кезек менен чечип жуучумун. 1 жашында кичүүсү Гүлжан, андан соң 1 айдан кийин улуусу Айжан басты. Кошуналар менен туугандар азыр да алмаштырып алышат. Кыздарым 1-классты бүтүрүштү. Келечекте дарыгер жана мугалим болобуз деген кыялдары бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 784
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×