Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Элдик уламыш: Боо-Терек айылы теректер көп өскөн аймакка негизделген (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылы теректер көп өскөн аймакка негизделген. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.

Айыл аксакалдарынын айтымында, айыл теректер көп өскөн аймакка 1900-жылы негизделген. Бара-бара айыл Боо-Терек деп атала баштаган. Боо теректердин арасында эл көп келген мазар бар. Илгери аймактын эли ал жерге каза болгондорду жерге берип, көрүстөнгө айланган. Азыркы учурда тегереги тосулуп, куран окутулуп турат. Боо теректердин акыркы тереги болжол менен 1970-жылдары кыйылып жок болгон. Аны кыйдырган айыл башчы көп өтпөй өз баласын унаасы менен тебелеп кетип өлтүрүп алган. Мындан улам айылдыктар боо теректерге аяр мамиле кылышат. Боо-Терек айылы Күмүштак, Борбор, Кызыл-Бакыр деген 3 аймактан турат. Күн чыгыш тарабы Күмүштак, күн батыш тарабы Кызыл-Бакыр деп аталат.

Айыл башчысы Идирис Керималиевдин айтымында, Боо-Терек аймагы район борборунан 17 км алыс. Облустун борборуна чейин 40 км. Жалпы аянты 18469 гектар, деңиз деңгээлинен 1050 бийиктикте жайгашкан. Айылдагы 1078 түтүн үйдө 6132 адам жашайт. Казак улутунан 10 адам, хакас улутунан 1 адам, орус улутунан 56 адам, күрд улутунан 7 адам, татар улутунан 1 адам жашайт. Согуштун 2 ардагери, ооруктун 5 ардагери бар. 85 аялга «Баатыр эне» наамы берилген. Социалдык коргоого муктаж болгондордун саны 342. Айылда жалпы 320 жеңил унаа, оор жүк ташуучу 55 унаа, 2 мотоцикл бар. Айыл чарба жумуштарын 67 техника аткарат.

Айылда 2 мектеп, 1500 окуучу, 101 мугалим, кесиптик бир лицей, менчик 13 дүкөн бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 3 дарыгер, 12 медайым, 4 санитар иштейт. 1 дарыкана, 2 тегирмен, 3 мечит, 1 китепкана, жаштар үчүн кичи футбол аянтчасы, спорт зал, элдик стадион жана маданият үйү салынган.

Чубак Сатаев, Тургуналы Нурматов, «Кеңеш» тобу, Кубанычбек Сатаев сыяктуу ырчылар, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону, маркум Жанболот Осмонов жана башкалар Боо-Теректен чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1450
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×