Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Манас районунун дыйкандары жашылчаларды сатыкка чыгара баштады

Turmush -  Манас районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн тургуну Данияр Жамалбеков өстүргөн капусталарынын 1 кг 10 сомдон сатууда. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.

Анын айтымында, бул баа өткөн жылдарга караганда арзан. Ал адатта 10 сотых жерге өстүргөн капустадан 100 миң сомго чейин киреше табат.

Район жетекчилигинин маалыматына караганда, райондо быйыл 332 гектарга жашылча-жемиштер, 14 гектарга күнкарама, 475 гектарга дан өсүмдүктөрү, 220 гектарда кант кызылчасы, 474 гектарга көп жылдык чөп эгилген.

Учурда райондун көпчүлүк дыйкандары жер-жемиштерди сатыкка чыгара баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 369
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу