Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Талас

Фото — Манас районунда көчөлөргө асфальт төшөлүп жатат

Turmush -  Манас районунун борбордук көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Замир Курманалиев маалымдады.

Анын айтымында, быйылкы жылда мамлекеттик бюджет тарабынан аталган районго 5 млн сом каражат бөлүнгөн. Ага 3 км ашык жол оңдолуп, асфальт төшөлөт. Жолду оңдоо иштерин №48 жол тейлөө ишканасы аткарып жатат. Жол өлкөнүн эгемендик майрамына чейин бүткөрүлүшү керек.

Ошондой эле, райондун Май айыл аймагынын башчысы Кубанычбек Ырыскулов айылдарда жолдор тегизделип, жакында шагыл төшөө иштери баштала турганын кошумчалады. 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 976
Көп окулду
×