Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Манастык Р.Боронбаев дунгандардан 80 сомдон сатып алган жандоо өстүрүп жатат (фото)

Turmush -  Манас районунун Жийде айылынын 47 жаштагы тургуну Рысбек Боронбаев 7 жылдан бери жандоо өстүрүп келет. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жандоонун уругун мындан 7 жыл мурун дунгандардан сатып алган.

«Биринчи жылы бир нече жөөккө өстүрүп көрдүм. Түшүмү жакшы болуп, бара-бара көбөйтө баштадым. Бир мезгилде 2 жолу тиксе болот. Май айында эрте бышканын тиксем, июнь айында кеч түшүм бере турган түрүн эгем. Түшүмдүн 1 кг 60 сомдон 80 сомго чейин сатам.

Бул жашылчаны салаттарга жана көпчүлүк лагманга кошот. Түшүмдү күз айларында дунгандар 80 сомдон алып кетишет. 10 күн сайын 1 жолу терип сатып турам. Бир тергенде 30 кг чейин терем», - деди ал.

Дыйкан 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 955
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×