Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Талас

Айыл турмушу: Таластык Т.Эрегуловага түркиялыктар буйрутма берип шырдак жасатышкан (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Үч-Булак айылынын 59 жаштагы тургуну Талимкан Эрегулова жасаган кийиз, шырдактарды Түркиядан буйрутма берип алып кетишкен. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, окуучу кезинен эле кол өнөрчүлүк менен алектене баштаган.

«Өзүмдүн апам уз болгон. Үйдө 8 кыз болчубуз. Мектепте окуганда эле сеп тигип баштадык. Ошондон баштап курактардын түрүн курап, кийиз, шырдак жасап калдым. Бир кийиздин жасалышына жакшылап иштесең 1 жума убакыт кетет. Кийиз, шырдактардын пайдасы өтө көп. Кээ бир адамдардын аллергиясы бар болуп колдонбошу мүмкүн. Колдонгондор көбүнчө жылуулугуна карап алышат. Булар жылуулукту жакшы сактайт», - деди ал.

Чебер буга катар эле жасаган буюмдарын жакындарына белек кылып бере турганын кошумчалады.

«Оймоктуу аял ойго мас» деп коюшат эмеспи. Ошол сыяктуу оймокту тагынарым менен жакшы оюмдарды түшүрүп калуунун аракетин көрөм. Жасаган шырдак, кийиздеримди сатыкка чыгара элекмин. Жакындарыма белек кылам. Чымын канат, каттама курактар бааланат. Туш кийиздерди куроого 2-3 ай убакыт сарпталат. Төшөктүн сырттарын 1500 сомдон сатып жаттым.

Түркиядан интернет аркылуу шырдак, кийиздерге буйрутма келген. Унаага төшөгүчтөрдү, телефон салгыч, баштыктарды жасап чыгарабыз деген пландарбыз бар», - деди ал.

Чебер айым 1 кыз, 3 уул жана 3 неберенин апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3393
Көп окулду
×