Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 22.08.2017 09:30

Быйыл өлкө боюнча ботулизмден 49 адам жабыркады

Turmush -  2017-жылдын 1 чейрегинде Кыргызстандын аймагында 27 жолу ботулизм менен уулануу катталып, 49 адам жабыркады. Бул тууралуу Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ботулизмге кабылгандардын бардыгы үйдө сапатсыз даярдалган тамак-аш жана үй шартында жасалган консервацияны жегендер болгон.

Ботулизм деген эмне?

Ботулизм – ботулизм таякчасы бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып катуу кармаган оору. Өз убагында медициналык жардамга кайрылбаса бейтапты шал болууга жана өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу илдет. Ботулизм таякчасы топуракта жашап, андан сууга, мөмө-жемиштерге, тамак-аш азыктарына, тоюттарга түшүп, алар менен киши жана жаныбарлардын ичегисине кирет. Ал жерде көбөйүп, заң менен кайра чыгат. Киши ботулизм таякчалары же токсиндери менен булганган тамак-ашты жегенден, көбүнчө сүрсүгөн эт, туздалган балык, үй шартында гигиеналык талаптар сакталбай жасалган консерваланган жашылчалардан ууланат. Уу ичегиге тез сиңет. Андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системин жабыркатат. Ботулизм таякчасы сырткы чөйрөнүн шартына туруктуу келет. Кайнатууда өлбөйт, кычкылтексиз чөйрөдө гана өсүп, көбөйөт жана уу бөлүп чыгарат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 10 күнгө чейин.

Оорунун белгилери

Ботулизмдин белгилери 5-10 мүнөттөн же бир нече сааттан кийин билинет. Бейтап алсырап, башы ооруйт. Башынын оорусу катуулап, баса албай калышы да мүмкүн. Дене табы көтөрүлөт, чыйрыгат, көңүлү айныйт, оозу жана эрини кургап, суусайт, ичи өтөт же катат, уйкусу качат. Көрүүсү дагы начарлайт, тумандайт, каректер чоңоёт, буюмдар көзгө кош көрүнөт. Үнү өзгөрүп каргылданат, тили булдуруктап, айрымдар сүйлөй албай да калышы мүмкүн. Дем алуусу жана жутуусу кыйындайт.

Уулануу учурунда эмне кылуу керек?

Оорунун алгачкы белгилеринде бейтапты өзүн жакшы сезип турса да сөзсүз тез жардам чакыруу керек. Ал келгичекти оорулууну төшөккө жаткырыңыз. Анткени туруп басып жүргөн кишинин оорусу бат күчөйт. Марганцовканын мала аралашмасын бейтапка ичирүү менен ашказанды жууп-тазалоо керек. Улам ичип кайра кусуудан ашказан тазаланат. Кускан сайын 3-4 стакан суу ичирүү кажет. Тазалангандан кийин актив көмүрүн майдалап ичүү зарыл. Анын ордуна айран ичсе да болот. Эгер оорулуу эстен танса, өзүнө келмейинче кустурууга болбойт. Көмкөрөсүнөн же капталынан жаткырып, башын ылдый кылуу керек. Бул оору бир нече сааттан кийин гана күчүнө киргендиктен байкабай спирт ичимдиктерин ичип алгандар кездешет. Спирт ичимдиктери уулуу заттарды эки эсеге күчтөндүрөрүн эске алыңыз. Ашказанга түшкөн уулуу заттар башка ооруну да күчөтүп, мээге терс таасирин тийгизет. Анын алдын алуу үчүн оорулуунун башына муздак нерсе басыңыз. Бат-баттан дене табын текшерип туруңуз. Уулануу учурунда көбүнчө дене табы төмөндөп кетет. Бул учурда оорулууну ороп, жылуу кармоо керек. Ууланганда оорулуунун табити жоголот. Жакшысы 1 күн жалаң гана суу ичип, ачка болгон пайдалуу. Кийин гана тоок, уй этинен кайнатма шорпо ичсе болот.

Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору эскертет:

Үй шартында тамак-аш азыктарын сапаттуу даярдаңыз жана сөзсүз муздаткычта сактаңыз. Мүмкүн болушунча тамак-ашты эртеңки күнгө калтырбаңыз. Консервациялоо үчүн жаңы үзүлгөн, чириги жок жашылчаларды тандаңыз. Банкаларды 15-20 мүнөттөн кем эмес убакыт буулоо шарт.

Микроорганизмдер кычкылтек жок жерде бат көбөйүүсүн эске алып, банканы оозуна чейин толтурбай, капкакка чейин 3-4 сантиметр боштук калтыруу туура. Ботулизм таякчалары кычкылды көп жактырбайт, андыктан салаттарыңызга уксус кошууну унутпаңыз. Бирок ал микробду өлтүрөт деп толук ишенүүгө болбойт. Салаттарды 100 градус температурада 25-30 мүнөт кайнатуу, буулоо керек. Консерваларды сактоодо температура +6 градустан ашпоосу шарт. Банкаларды ачканда сөзсүз жыттап көрүңүз. Бир эле банкадан жегендердин бири ооруса, бири оорубай калышы да мүмкүн. Себеби уу банканын бир эле бөлүгүндө жайгашышы да ыктымал. Эгер салаттын түсү өзгөрүп, капкагы көөп чыкса, аны колдонууга болбойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×