Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 22.08.2017 17:39

Адистин кеңеши: Безгек өлүмгө дуушар кылат

Turmush -  Безгектин тропикалык түрү өлүмгө дуушар кылат. Бул тууралуу Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Жакып Айдаров билдирди.

Безгек (малярия) – коркунучтуу дарт. Бул дарт анофелес түрүндөгү чиркейлердин чагуусу аркылуу бейтаптан соо адамга жугат. Анофелес – түрүндөгү чиркейлер кош канаттуу жана канатында майда тактары бар жандык. Ал кан соруучу башы, төшү, арт жагы болуп бөлүнөт жана бир жерге конгондо баш бөлүгүн ылдый кылып, арт жагын көтөрүп отурат. Бул чиркейлердин ургаачылары жаныбарлардын, адамдардын каны менен тамактанат. Себеби алар 200-350гө жакын жумурткаларын жетилтүү үчүн кан сорушат. Жетилген жумурткаларын токтоп калган көлчүктөргө, күндүн нуруна жылып калган көлмөлөргө жана үйдө толтурулган чакадагы, идиштердеги сууларга ташташат. 2-3 күндөн кийин жумурткалардан курттар чыгып баштайт жана абанын орточо температурасы +16º С жогору болсо 8–9 күндөн кийин куурчакчага айланат. Куурчакчадан 2-3 күндөн соң чоң чиркей болуп учуп чыгат. Жай мезгилинде чиркейлер жаныбарлардын, адамдардын канын сорууга кечкисин, түнкүсүн ууга чыгышат. Ушул учурда чиркейлер оорулуу адамдын канын соруп, чиркейлердин ашказанындагы мителер соо адамдын канын соргондо чиркейлердин ашказанына өтүп кеткен мителер тарап, адамдарды безгек оорусуна алып келет.

Безгек оорусунун алгачкы белгилери:

Дененин ысышы, баштын оорушу, шалдыроо, чыйрыгуу. Ушул учурда дарылоо мекемелерине кайрылбай көпкө жүрүү туура эмес. Өз алдынча дарылануу кандын азайышына, боордун, бөйрөктүн, мээнин жабыркашына, уйку безинин чоңоюшуна алып келет. Ал эми, безгектин тропикалык түрү өлүмгө дуушар кылат.

Безгек оорусун алдын алуу чараларын комплекстүү жана 3 багытта жүргүзүү зарыл:

1. Оорулуу адамдарды өз убагында аныктоо жана дарылоо мекемелеринде гана толук дарылоо;

2. Чиркейлер менен күрөшүү: керексиз көлмөлөрдү, саздак жерлерди кургатуу жана жок кылуу, үйдүн тегерегиндеги жуунучу жайларды кургак жана таза кармоо, өскөн чөптөрдү убагында оруп туруу;

3. Чиркейлердин чагуусунан коргонуу: эшик-терезелерди майда тор менен бекитүү; уктар алдында үйдүн ичин арча менен аластоо. Дененин ачык жерлерине чиркейди качыруучу атайын лосьон, крем майларын, репеленттерди колдонуу жана уктарда узун кийим кийүү керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×