Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Кайыңдыда 40 үй-бүлөнүн кыз-келиндери кол өнөрчүлүк боюнча сабак алышты

Turmush -  Манас районунун Кайыңды айыл өкмөтүндө 40 үй-бүлөнүн мүчөлөрү 18 күн кол өнөрчүлүк боюнча окутуудан өттү. Бул тууралуу айыл өкмөттүн социалдык иштер боюнча адиси Мээрим Биримкулова билдирди.

«Бизде Кайыңды айыл өкмөтүндө кийиз жасоо, чий токуу боюнча 18 күндүк окутуу өттү. Окутууга 40 үйдүн кыз-келиндери катышты. Айылда пайдаланылбай жаткан жүндөрдү чогултуп, жууп тазалашып, керектүү буюмдарды жасашты. Чеберчиликтин сырын айылыбыздагы уз-чебер Сатинбүбү Кулданбаева үйрөттү. 40 адам 2 тайпада окуп, 20 адам чий токуп үйрөнсө, 20 адам кийизден буюм жасашты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 471
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу