Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 29.08.2017 10:52 Жаңыланды: 09.03.2018 16:55

Айыл турмушу: Таластык Д.Алыбаев жашаган үйүн бузуп, этнокомплекс ачты (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 54 жаштагы тургуну Данияр Алыбаев айылына ачкан эс алуу комплексине чет өлкөлүк туристтер көп келет. Аймактык кабарчы комплекс менен таанышып кайтты.

«Мен өзүм жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойдум. Айыл ичинде көрүнүктүү эч нерсе жоктугунан көп жылдар бою ойлонуп жүрүп, жашап жаткан үйүмдү буздум. Ал жерге этно стилдеги комплекс ачтым. Бул ишти баштап жатканда айыл тургундары, дос-тааныштарым «айылга ким келмек эле» деп айтышкан. Азыр айыл эмес, чет жактан келген туристтер суктанып кетишет. 1 жылда 10 мамлекеттен туристтер келишет. Комплекстин аталышын баламдын атынан «Байбол» деп койгом.

Бул жердин жалпы аянты 2 гектар. Өзүм суунун дабышын жактыргандыктан бак-даракты суу менен көркүнө чыгаргам. Атайлап буйрутма берип кооздотпойм. Өзүм токойдон бак-дарактардын тамырларын алып келип, ар нерсеге окшоштуруп жасап коём. Келген коноктордун көбүнчөсү кыргыздардын колдонгон буюмдарын көрүп кетишет. Себеби отуруп чай ичкен жеринен баштап, уктоочу бөлмөгө чейин жыгачтан жасалган буюмдар. Бул менин хоббим. Жыл сайын комплекстеги жыгачтан жасалган кооздуктарды алмаштырып турам», - деди ал.

Уста жубайы экөө 4 баланы тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×